Телефон: +996 (312) 300 190 e-mail: info@redcrescent.kg
01.08.2019

Ысык аба-ырайы учурундагы жалпы сунуштар

Ысык аба-ырайы учурундагы жалпы сунуштар

Узак мөөнөттүү ыссык аба ырайы адамга өтөө кооптуу болушу мүмкүн. Өзүңүздү жана үй-бүлөө мүчөлөрүңүздү аномалдуу ыссыкка чейин, ыссык учурунда жана ыссыктан кийин коргош үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо зарыл.

Аномалдуу ыссыка чейин:

• Ысык аба ырайына туш келбестен аба-ырайы жөнүндө маалыматты так байкаңыз жана иштериңизди алдын ала пландаштырыңыз;

• Тамак аш жана сууну алдын ала камдаңыз;

• Дарыгер жазып берген даарыңызды алдын ала камдаңыз

Анамалдуу ыссык аба ырайы учурунда:

• Күндүн эң ыссык учурунда сыртка чыкпаганга аракеттениңиз;

• Муздак, бирок өтө муздак эмес, суусундукуктарды көбүрөөк ичиңиз, 1,5-2,5 л. (суу, квас, жемиш ширелер ж.б.) – бул дененин суусуздануусун алдын ала сактап калышына эң туура жолу;

• Алкоголь ичимдиктерин же кофе ичүүгө тыюу салынат, анткени, бул нерселер организмдин дене суусуздануусуна алып келет;

• Муздак душка же ваннага түшүү сунушталат;

• Ыңгайлуу, кенен тигилген кийимдерди кийиниз (айрыкча пахта кагаз же зыгыр кездемелерден тигилген);

• Салкын бөлмөлөрдө күнүнө 2-3 сааттан убакыт өткөрүүңүз зарыл (мисалы, муздаткычтары бар бөлмөлөрдө);

• Оор жумуштарды жасабаныз;

• Сыртка чыгуунун алдында баш кийим, шляпа же кепка жана күндүн нурунан сактоочу көз айнек кийип чыгуу зарыл;

• Күндүз айнек терезелерди жабыңыз, эгерде терезеңиз күн тийген тарапта жайгашкан болсо. Айнек терезелерди кечкисин жана түндө ачуу зарыл, сырттагы абанын температурасы бөлмөдөгү температурадан төмөн түшкөн учурда;

• Балдарды жана жаныбарларды авто унаанын ичинде калтырбаңыз.

Анамалдуу ыссыктан кийин :

• Терезени ачып, бөлмөнү желдетиңиз;

• Сиздин жардамыңызга муктаж болуучу үй бүлөнүн аярлуу мүчөлөрүн, досторуңузду, кошуналарыңызды текшериңиз;

• Жетишээрлик денгээлде суюктук колдонуп денеңиздеги суунун жана туздун балансын сактоону улантыңыз.

Ысык аба ырайында тамак-аштан болгон уулану кооптуулугу жогору болот.

Ичеги инфекцияларынын алдын алуу жолдору:

• Коомдук жайдан кайтып келгенден кийин, тамактанаардан алдында колуңузду самын менен жууңуз;

• Мөмө-жемиштерди колдоноордон мурун жакшылап жууңуз;

• Сүт азыктарды жана даяр тамактарды муздаткычта сактаңыз;

• Сатып алуудан мурун тамак-аштын жаңылыгына жана жарактуу мөөнөтүнө көңүл буруңуз;

• Таза эмес сууну (арыктагы суу, шаардагы фонтандардагы, бассейндеги суулар) колдонууда ичеги ооруларынын жугуп калуу кооптулуугу жөнүндө балдар менен маек куруңуз.

Алгачкы жардам көрсөтүү

Дененин суусуздануусу

Белгилери:

• Ооздун кургашы, катуу суусоо;

• Баш айлануу;

• Алсыроо;

• Баштын оорушу;

• Абдан катуу тердөө.

Алгачкы жардам:

• Адамды тез арада салкын имаратка же көлөкөгө жайлаштырып эс алдырыңыз;

• Суусундуктардан ичириңиз;

• Булчуңдар карышкан учурда (көбүнчө буттарда, колдордо жана курсак булчуңдарда), этияттык менен аны ушалаңыз жана ошол булчуңдарды акырындык менен чойгонго аракет кылыңыз;

• Адамдын минералдык заттардын алмашуусун калыбына келтириш үчүн электролит кошулган суусундук ичирүү керек (Регидрон эритмеси).

Ысык уруу

Белгилери:

• Ооздун ичи жана эриндердин кургашы. Катуу суусоо;

• Ысык, кургак жана кызарган тери;

• Баштын катуу оорусу;

• Эс-учунун өзгорүп туруусу, толук эс учун жоготуу.

Алгачкы жардам:

• Тез учурда жабыркаган адамды салкын бөлмөгө же көлөкөгө алып кириңиз жана анын денесин муздатып баштаңыз. Колтугуна, алаасына жана моюнуна муздак компресс жасасаңыз болот;

• Ошондой эле, жабыркаган адамдын денесин муздатыш үчүн башка чараларды көрсөңүз болот. Мисалы; кийимин суу менен нымдап, өз калыбына келгиче сүлгү менен шамалдатып турсаңыз болот. Өз калыбына келгенден кийин, адамга суусундуктарды ичириш зарыл; • Эсин жоготуп койсо, аны кырына (капталына) жаткызып Тез Жардамга телефон чалыңыз (103) жана анын демине көз салып туруңуз.

“Жогорку сунуштар, ачык түрдөгү маалыматтардын негизинде жана Deutsche Bank Stiftung каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул маалыматтык материалдын мазмуну эч бир учурда Deutsche Bank Stiftung расмий позициясын чагылдырышы катары бааланбаш керек жана Deutsche Bank Stiftung бул документтеги маалыматтын кандайдыр бир колдонушуна жоопкерчилик тартпайт”.