Телефон: +996 300 190 e-mail: info@redcrescent.kg
18.06.2016

Термелоосуз Бишкек-Ош

“Термелүүсүз Бишкек/Ош”: жер титирөөгө жооп берүү үчүн  потенциал түзүү долбоору

Пресс-релиз 18.03.2016

2015-жылдын июнь айынан Америка Кызыл Крест Коомунун көмөгү менен КРнын Улуттук Кызыл Ай Коомунда “Термелүүсүз Бишкек/Ош” долбоору иштей баштады.

Бул долбоордун негизги максаты – жарандарды жер титирөөгө чейин, термелүү учурунда жана жер титирөөдөн кийин эмне кылыш экени жөнүндө маалымат таркатуу аркылуу зилзаладан жабыр тарткан адамдардын санын азайтуу болуп саналат. Бишкек жана Ош шаарлары сейсмикалык жактан активдүү аймакта жайгашкандыктан жер титирөөдө аярлуу шаарлардын бири болуп калат. Долбоордун катышуучулары болуп Бишкек жана Ош шаарларындагы орто мектептердин мугалимдери саналат. Тандалып алынган мугалимдер жер титирөөгө даярдануу жана алгачкы жардамды көргөзүү боюнча атайы окуутуларды өтүп, 8-9-10 класстын окуучуларына маалыматтык сессияларды өтүп беришет. Мугалимдерден үйрөнгөн маалыматты окуучулар өз кезегинде үй-бүлө мүчөлөрү менен бөлүшөрү күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө, долбоор башталгандан тартып 96 мугалим тренингтерде үйрөтүлүп, 2789 мектеп окуучусу жер титирөгө даярдануу жана алгачкы жардамды көргөзүү боюнча маалыматтык сессияларды угушту. Калктын көп санын камтуу максатында атайы даярдалган видеороликтер телеканалдардан көргөзүлүүдө жана жер титирөөгө чейин, термелүү учурунда жана жер титирөөдөн кийин эмне кылыш экени жөнүндөгү маалыматтык баракчалар таркатылып берилүүдө. Бугүнкү күндө, ММК, социалдык тармактар жана таркатылып берилүүчү баракчалар аркылуу 1 548 740 адам маалыматка ээ болду. Мындан сырткары, ушул долбоордун алкагында жер титирөөгө даярдануу жана алгачкы жардам көргөзүү боюнча коммерциялык тренингтер өткөрүлүп келүүдө. Бул тренингтери, бүгүнкү күндө БУУ, GIZ, Дүйнөлүк банк , Кумтөр, ADRA Кыргызстан, АУЦА жана жеке жактар өтүштү. 2015-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн жер титирөөдөн жабыр тарткан Алай, Карасуу жана Өзгөн райондорунан 510 үй-бүлөгө жалпы суммасы 2 882 460,00 сомго  жылуу одеял, канистра, ашкана буюмадары (кух.набор) жана гигиеналык каражаттар түрүндө гумманитардык жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары, жогорудагы райондордон үйлөрү ӨКМ тарабынан 4-категорияда жабыр тартты деп табылгандардын катарынан 300 үй-бүлөгө жалпы сумма 4 869 600 сомго (ар бир үй-бүлөгө 16 234 сомдон)  акчалай түрүндө гумманитардык жардам көрсөтүлдү. Контакттарыбыз: КРнын Улуттук Кызыл Ай Коомунун Ош Областтык өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары - Сабиров Азамат “Термелүүсүз Бишкек/Ош” долбоорунун кызматкери - Раимова Кылымбүбү “Термелүүсүз Бишкек/Ош” долбоорунун кызматкери - Канат уулу Улан Тел.  0558 08 05 57.  [:]