Телефон: +996 (312) 300-190 e-mail: info@redcrescent.kg
17.02.2021

АЯЛУУ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ КЫШ МЕЗГИЛИНДЕГИ ЖАРДАМ

Акыркы 4 жылдын ичинде Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Коому жана Швейцариянын Кызыл Чырым коому аялуу катмарына акчалай жардам көрсөтүү менен каржылык жана гуманитардык жардамдарды көрсөтүп келишет.

15 февраль 2021-жылдын февраль айында Кыргызстандын Кызыл Ай коому кайрымдуулук кампаниясын баштады, анын алкагында өлкөнүн 800 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир баласы бар, багуучусу бирөө болгон аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жылдын суук мезгилине байланыштуу кошумча чыгымдарды жабуу үчүн каржылык колдоо алышмакчы. Бул аземи үй-бүлөнүн кыш мезгилине байланышкан тамак-аш, кийим-кече жана коммуналдык кызматтарга кеткен көптөгөн чыгымдарын жабууга жардам берет.

Финансылык жана гуманитардык жардам Айыл Банк аркылуу жана Кыргызстандын электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялары (Түндүк электр, Чыгышэлектр, Ошэлектро, Жалалабадэлектр) менен өнөктөштүктө электр энергиясынын чыгымдарын жарым-жартылай кошумча төлөө түрүндө берилет.

Кампаниянын жыйынтыктары боюнча көбүрөөк таралган сатылып алынган товарларды жана жардам көрсөтүүнүн ушул ыкмасынын ыңгайлуулугун аныктоо максатында жардам алуучулардын арасында мониторинг жүргүзүлөт.

Кыргызстандын Кызыл Ай коому бул колдоону Швейцария Кызыл Крести менен өнөктөштүктө төрт жылдан бери көрсөтүп келе жаткандыгын белгилейбиз. Аталган мезгил ичинде ваучерлер жана акча которуулар аркылуу бүт өлкө боюнча 7 050дөн ашуун үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн.

Учурда гуманитардык жардам Ысык-Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында таратылууда.